Yağmurdaki Özlem-Camgırdagı Kusalık (Kırgızca Şiir)
Жамгыр жааса, тып тып этип себелеп,
Кусаланып эске түшөт элесиң. Булуттардын арасынан көрүнгөн, Асан-Үсөн сымал мага келесиң. Ыйлап жатты, токтобостон көз жашы, Булут дагы сагынган го сүйгөнүн? Антсе дагы көңүл чечип, сырдашып, Күчүм жетбейт, кошулуп мен ыйлоого. Узактарда күндүн нуру тунарык, Чалкалаган тоолор жатат узарып. Сагынамын, дале болсо сени эстеп, Узактарга алып учуп кусалык. Булуттарды шамал кууп камчылап, Жамгыр жаайт, жашын төгөт тамчылап. Жан дүйнөмдү ээлеп алып кусалык, Тилип жатты жүрөгүмдү кайчылап. Күчтүү болуп түшкөн сууга карабай, Жалбырттаган от сыяктуу тутанып. Тамчылары тып тып этип себелеп, Кыйнай берет жамгырдагы кусалык. 2008 |
кусаланып эске түшөт элесиң.
булуттардын арасынан көрүнгөн,
асан-Үсөн сымал мага келесиң.
ыйлап жатты, токтобостон көз жашы,
булут дагы сагынган го сүйгөнүн?
антсе дагы көңүл чечип, сырдашып,
күчүм жетбейт, кошулуп мен ыйлоого.
узактарда күндүн нуру тунарык,
чалкалаган тоолор жатат узарып.
сагынамын, дале болсо сени эстеп,
узактарга алып учуп кусалык.
булуттарды шамал кууп камчылап,
жамгыр жаайт, жашын төгөт тамчылап.
жан дүйнөмдү ээлеп алып кусалык,
тилип жатты жүрөгүмдү кайчылап.
күчтүү болуп түшкөн сууга карабай,
жалбырттаган от сыяктуу тутанып.
тамчылары тып тып этип себелеп,
кыйнай берет жамгырдагы кусалык.
bölmek istemedim. cünkü anlamı kaybolurdu.
dikkat edilirse siirde anlamsal isleve bi vurgu yapılmıs
tskler. =)