MENÃœLER

Anasayfa

Åžiirler

Yazılar

Forum

Nedir?

Kitap

Bi Cümle

Ä°letiÅŸim

Yağmurdaki Özlem-Camgırdagı Kusalık (Kırgızca Şiir)
inash

Yağmurdaki Özlem-Camgırdagı Kusalık (Kırgızca Şiir)



Жамгыр жааса, тып тып этип себелеп,
Кусаланып эске түшөт элесиң.
Булуттардын арасынан көрүнгөн,
Асан-Үсөн сымал мага келесиң.

Ыйлап жатты, токтобостон көз жашы,
Булут дагы сагынган го сүйгөнүн?
Антсе дагы көңүл чечип, сырдашып,
Күчүм жетбейт, кошулуп мен ыйлоого.

Узактарда күндүн нуру тунарык,
Чалкалаган тоолор жатат узарып.
Сагынамын, дале болсо сени эстеп,
Узактарга алып учуп кусалык.

Булуттарды шамал кууп камчылап,
Жамгыр жаайт, жашын төгөт тамчылап.
Жан дүйнөмдү ээлеп алып кусалык,
Тилип жатты жүрөгүмдү кайчылап.

Күчтүү болуп түшкөн сууга карабай,
Жалбырттаган от сыяктуу тутанып.
Тамчылары тып тып этип себелеп,
Кыйнай берет жамгырдагы кусалык.

2008
Sosyal Medyada Paylaşın:



(c) Bu şiirin her türlü telif hakkı şairin kendisine ve/veya temsilcilerine aittir.